Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын Украина менен чектеш Курск облусунда Түндүк Кореянын аскерлеринин саны 11 миңге жеткенин айтты. Ал буга өнөктөштөрү жетиштүү деңгээлде реакция кылбай жатканын билдирди.
Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башка комиссары Жозеп Боррел 4-ноябрда Түштүк Кореяны Украинаны колдоону күчөтүүгө чакырды.
1-ноябрда Москвада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушууда бул өлкөнүн башкы дипломаты Цой Сон Хи түндүк кореялык аскерлер Орусияга жөнөтүлгөнү тууралуу билдирүүлөр боюнча түздөн-түз эч нерсе айткан эмес, бирок Москваны согуш башталгандан бери колдоп келатканын жана жардамын улантарын айткан.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен өткөн аптада Орусияда Түндүк Кореянын 10 миң аскери жүргөнүн, анын 8 миңи Украина менен чектеш Курск облусуна жайгашып, жакын арада согушка салынганы жатканын билдирген.
Москва менен Пхеньян ортосунда бекемделип бараткан аскердик кызматташтык аймактык гана эмес, глобалдык коопсуздукка олуттуу коркунуч жаратарын 29-октябрда Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл белгилеген.
Орусиянын президенти Владимир Путин 24-октябрда Түндүк Кореянын аскерлери Орусияга барганы тууралуу суроого жооп бергенде аталган өлкө менен стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишим бар экенин белгилеп, “эмне кылсак да өзүбүз билебиз” деген.
Украинанын армиясы 6-августта Орусиянын Курск облусуна кирип барып, ал жакта жүздөгөн чарчы чакырым аймакты ушул күнгө чейин өз карамагында кармап турат. (BTo)
Дагы караңыз
Президенттин иш башкармалыгына караштуу департамент түзүлөтВенгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга расмий сапар менен келдиТоктогулда шаардык кеңешке талапкер Дүйшөналиев эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулдуТажикстанда "төңкөрүш аракети" үчүн дагы эки мурдагы күч кызматкери кармалганы белгилүү болдуТүркия президенти Эрдоган Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келдиОрусия Украинадагы согушка катышкан 3344 чет элдикке паспорт бердиКыргызстанда жаңы авиакомпания ачууга убактылуу чектөө киргизилди