Германиянын тышкы иштер министри Киевге барды

Анналена Бербок.

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок 4-ноябрда Украинанын борбор калаасы Киевге кезектеги иш сапары менен барды. Согуш башталгандан бери Киевди колдоп келе жаткан Бербок ушуну менен Украинага сегизинчи жолу барышы.

"Германия дүйнө жүзүндөгү көптөгөн өнөктөштөрү менен бирге Украина тарапта бекем турат. Украиналыктар адилет тынчтыкка карай өз жолунда бизге канчалык муктаж болсо, аларды ошончолук колдойбуз", - деди Киевге поезд менен барган немис министри.

Буга чейин Бербок Украинага 21-майда коопсуздук чараларынан улам алдын ала жарыяланбаган сапар менен барган. Германиянын башкы дипломаты Орусиянын чабуулдары күчөгөн шартта Украинага эл аралык колдоо, абадан коргонуу системалары жагынан жардам өтө маанилүү экенин белгилеген.

2022-жылдын февралынан бери Орусиянын баскынчылык согушуна каршы күрөшүп келе жаткан Украинанын президенти Владимир Зеленский бул кармашта жеңип чыгуу үчүн өнөктөштөрдүн жардамы керек болуп жатканын айтууда.

Анын белгилешинче, “Путин (Орусия президенти Владимир Путин) кошумча күчтөрүн даярдап, согушту аяктоо эмес, улантуу аракетин көрүүдө". (RK)

Дагы караңыз

Сот саясатчы Азимбек Бекназаровду эркиндикке чыгардыТоктогулда депутаттыкка талапкер массалык башаламандыкка шектелип кармалды Кыргыз таануу: “тегин” антропоформантына – 35 жыл, “тегин” сөзүнө – миңдеген жылдар Молдовада президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыкты