Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:47

Молдовада президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыкты


Молдовадагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасы, 3-ноябрь, 2024-жыл.
Молдовадагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасы, 3-ноябрь, 2024-жыл.

Молдовадагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында добуштардын 92% саналып бүттү. Анын жыйынтыгына ылайык, учурдагы президент Майя Санду 50,02% көрсөткүч менен алдыга чыкты. Алдын ала жыйынтык анын атаандашы, мурдагы башкы прокурор Александр Стояногло 49,98% добуш топтогонун көрсөтүүдө.

Бюллетендерди саноо адеп башталганда Стояногло алдыда келе жаткан эле. Бирок Молдованын чоң шаарларынан протоколдор келип түшкөн соң Сандунун добушу көбөйө баштады. Батыш мамлекеттериндеги молдован диаспорасынын добушу да толук саналып бүтө элек. Айрымдарында добуш берүү уланууда. Алардын көбү Сандуну колдойт деп күтүлүүдө.

Молдовада президенттик шайлоонун экинчи айлампасына шайлоочулардын 54,07% катышты. Бул биринчи айлампага караганда жогору көрсөткүч.

Шайлоонун экинчи турунда эки талапкер - батышчыл көз караштагы азыркы президент Майя Санду жана Орусия колдогон талапкер, мурдагы башкы прокурор Александр Стояногло ат салышты.

Өлкөдө добушканалар жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дө ачылып, кечки саат тогузда жабылды. Жалпы 2,2 миңден ашуун шайлоо тилкесинин 231и чет мамлекеттерде жайгашкан.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында жеңишке жеткен талапкер төрт жылдык мөөнөткө президент болуп шайланат.

20-октябрдагы президенттик шайлоонун биринчи турунда өлкөнүн евроинтеграциясын жактаган азыркы башчы Майя Санду добуштардын 42,49%, ал эми анын негизги атаандашы, социалист, Орусия колдогон саясатчы, мурдагы башкы прокурор Александр Стояногло 25,9% алган.

Ошол эле күнү Молдовада өлкөнүн Европа багытын бекемдөөнү көздөгөн референдум өткөн. Жыйынтыгында "Ооба" дегендер 50,38% жетип, көпчүлүктү түзгөн. "Каршы" деген добушун бергендер менен ортодогу айырмачылык өтө аз болуп чыккан.

Санду бул добуш берүү күнү да, ага чейин да Молдова Орусия артында турган күчтөрдүн өтө чоң басымына, кийлигишүүсүнө кабылганын айткан.

Орусия Молдовадагы шайлоо жараянына кийлигишүү тууралуу айыптоолорду четке кагууда. (AiA)

XS
SM
MD
LG