Нурлан Мотуев үй камагына чыкканы белгилүү болду

Нурлан Мотуев. Архив сүрөт.

Кылмыш-жаза кодексинин “Улут аралык кастыкты козутуу” беренеси боюнча шектелип кармалган Нурлан Мотуев 1-ноябрда үй камагына чыкканы белгилүү болду.

Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан “Азаттыкка” тастыкташты.

1-ноябрда Свердлов райондук сотунда Мотуевдин бөгөт чарасы каралып, 29-декабрга чейин үй камагына алуу чечими чыгарылган. Шектүүнү үй камагына чыгаруу өтүнүчүн Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү келтирген. Сот Мотуевдин кармалышын негиздүү жана мыйзамдуу деп тапкан.

31-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Нурлан Мотуев Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (“Расалык, этностук, улуттук, диний региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) беренеси менен кармалганын билдирген.

Маалыматка ылайык, шаардык милициянын Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери 16-октябрда Инстаграм социалдык түйүнүнө мониторинг жүргүзүүдө nurlan_motuev_official аталышындагы баракчада кастыкты козуткан видеону аныкташкан.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин 17-октябрдагы жыйынында акчасын алдаткан адамдардын каражатын кайтарып берүүнү убада кылып, социалдык тармактардан видео кайрылуу жасап жаткан Нурлан Мотуевге милиция эскертүү бергенин айткан.

Мотуев буга чейин бир ирет соттолгон. 2017-жылы августта Бишкектин Свердлов райондук соту аны жети жылга эркинен ажыраткан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага “Терроризмге ачык чакыруу, терроризмди актоо” жана “Улут, дин жана аймак аралык кастыкты козутуу” беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

2018-жылдын ноябрь айында Мотуев күчөтүлгөн режимдеги №27 абактан №32 жатак абакка которулган. Жаза аткаруу кызматы (ЖАК) ал жатак абакта турууга милдеттүү эмес экенин, шаарда ээн-эркин жүрүүгө укуктуу экенин билдирген. (TSh)

Дагы караңыз

Молдовадагы президенттик шайлоодо Майя Санду утту