Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:35

Молдовадагы президенттик шайлоодо Майя Санду утту


Майя Санду шайлоо жыйынтыгынан кийин. 3-ноябрь, 2024-жыл.
Майя Санду шайлоо жыйынтыгынан кийин. 3-ноябрь, 2024-жыл.

Молдованын Борбордук шайлоо комиссиясы алдын ала санактар боюнча, президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Майя Санду 55%, ал эми атаандашы Александр Стояногло добуштардын 45% ээ болгонун билдирди. Добуштардын 98,9% саналып бүттү.

Санду Х баракчасында өлкө сыртындагы жана ичиндеги шайлоочуларына ыраазычылык билдирди.

“Бүгүн Молдова утту. Биз бирге экенибизди, демократиянын жана татыктуу келечектин жолунда экенибизди көрсөттүк”, - деп жазды.

Санду өлкө сыртындагы жарандардын добуштары менен жеңишке жетти. Чет өлкөдөгү диаспорлар жапырт ага добуш беришти. Өлкө ичинде Стояногло 51,2% добушка ээ болду.

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жалпы шайлоочулардын 54% добуш бергенин билдирди. Бул 2020-жылдагы президенттик шайлоонун биринчи жана экинчи туруна караганда алдаганча жогору.

Шайлоодо эки талапкер - батышчыл көз караштагы азыркы президент Майя Санду жана Орусия колдогон талапкер, мурдагы башкы прокурор Александр Стояногло ат салышты. Жеңишке жеткен талапкер төрт жылдык мөөнөткө президент болуп шайланат.

Өлкөдө добушканалар жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дө ачылды. Жалпы 2,2 миңден ашуун шайлоо тилкесинин 231и чет мамлекеттерде жайгашкан.

Шайлоо президенттик жарышка жана Молдованын Европага интеграция болуу маселеси добушка коюлган референдумга Орусия кийлигишти деген айыптоолордун фонунда өттү.

Майя Сандунун улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Станислав Секриеру X тармагына азыркы шайлоонун экинчи айлампасына да Орусия "масштабдуу кийлигишкенин" жазды.

20-октябрдагы президенттик шайлоонун биринчи турунда өлкөнүн евроинтеграциясын жактаган азыркы башчы Майя Санду добуштардын 42,49%, ал эми анын негизги атаандашы, социалист, Орусия колдогон саясатчы, мурдагы башкы прокурор Александр Стояногло 25,9% алган.

XS
SM
MD
LG