Испаниянын Валенсия аймагындагы суу ташкынынан жабыр тарткандардын арасында кыргызстандыктар жок. Мындай маалыматты Тышкы иштер министрлиги таркатты. Министрлик Испаниядагы табигый кырсыктарга байланыштуу абалды тыкыр көзөмөлгө алып жатканын билдирди. Кыргызстандын Франциядагы элчилиги актуалдуу маалыматтарды өз убагында алуу үчүн Испаниянын бийликтери менен туруктуу байланышып жатканын маалымдады.
Акыркы маалыматтар боюнча, суу каптаган аймактарда 200дөн көп киши каза болду.
Испанияда жүргөн Кыргызстандын жарандары зарыл болгон учурларда жардам же кеп-кеңеш алуу үчүн төмөнкү номурларга кайрыла алат: +33 6 15 11 76 99, +33 1 71 60 37 04.
Бийлик өкүлдөрү курмандыктардын саны мындан да көбөйүшү ыктымал экенин эскертишти.
Оор кесепетке алып келген сел каптоо Испаниянын тарыхында боло элек эле.
Суу каптаган аймактын үстүнөн дрон менен тартылган видеодон жана сүрөттөрдөн темир жолдорго барып такалып, топтолгон автоунааларды, кайыктарды көрүүгө болот.
Шаршембиде жаан-чачындын бир жылдык нормасы сегиз саат ичинде жаап, үйлөр, дүкөндөр, мектептер жана башка маанилүү инфраструктура жарактан чыкканы, 75 миңдей абонент электр жарыгысыз отурганы кабарланды.
Дагы караңыз
Тегеранда студент кыз окуу жайда чечингени үчүн кармалганы кабарланды Украинанын акыйкатчысы Орусиядан туткундардын тизмесин сурады