Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Бишкектеги жаңы "Ош" базары менен автобекеттин курулушу тууралуу маалымат берди.
Анын билдирүүсүнө ылайык, "акыркы үлгүдөгү жабдыктар менен жабдылган жаңы автобекет 2025-жылдын май-июнь айларында ишке берилет".
Ал эми жаңы “Ош” базарын куруу иштери уланып жатат. Базардын курулушунда дренаждык система заманбап талаптарга ылайык болот.
23-октябрдан тарта Бишкек шаарындагы Батыш автобекети ишин токтоткон. Муниципалдык бийлик анын шаардын түндүк-чыгыш четиндеги Алма-Ата көчөсү, 1/1 дарегине жылдырганын жарыялаган.
Шаар тургундарынын жаңы автобекетке жетүүдөгү кыйынчылыктарга байланыштуу нааразылыктарынан соң өкмөт шаардын күн батыш четиндеги "Аккула" ат майданы жайгаша турган аймакка жаңы, заманбап автобекет куруларын билдирген.
Ал эми жаңы “Ош базары” “Манас” аба майданына бараткан жолдун боюна салынары буга чейин жарыяланган. (KbA)
Дагы караңыз
Согуш Украинада 585 баланын өмүрүн кыйып, 1600дөн ашууну жараат алды Өзбекстан БШКсы парламенттин 60% жаңыланганын билдирди