Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Өзбекстан БШКсы парламенттин 60% жаңыланганын билдирди


Өзбекстандагы парламенттик шайлоо. 27-октябрь 2024-жыл
Өзбекстандагы парламенттик шайлоо. 27-октябрь 2024-жыл

Өзбекстандын борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам чыгаруу палатасына шайланган 150 депутатты каттаганын жарыялады.

27-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгында Өзбекстандын бийлик башында турган башкаруучу либерал-демократиялык партиясы 64, “Миллий тикланиш” демократиялык партиясы 29, Элдик-демократиялык партиясы 20, “Адолат” социал-демократиялык партиясы 21 жана Экологиялык партиясы 16 депутаттык орун алган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматында Өзбекстандын мыйзам чыгаруу палатасы 60% жаңыланганы айтылат.

Расмий кабарлангандай, шайланган депутаттардын 38% аялдар түзөт. Бул Өзбекстандын тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч деп эсептелет.

27-октябрда өткөн Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого 15 млн 27 миң 529 шайлоочу катышкан. Катышуу 74,72% түзгөн. (KbA)

Шерине

XS
SM
MD
LG