Андан бери чек арадан өткөн мигранттардын саны азайганы менен миграция маселеси АКШ саясатында актуалдуу бойдон калды. Башпаанек издеп келгендер президенттик шайлоо алардын келечегине кандай таасир этет деп тынчсызданууда.
АКШ: мигранттарга жардам берген мурдагы чек арачы
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
2022-жылы Техас штатындагы Эл-Пасо шаарын мигранттар каптаганда аларды чек арада кабыл алууга катышкан чек ара кызматынын мурдагы өкүлү эми келгендерге жардам көрсөтө баштады. Майкл Дебрюль жергиликтүү чиркөө менен бирге мигранттарга тамак-аш жана биринчи жардам көрсөтүүчү убактылуу баш калкалоочу жай түзгөн.