Туу боюнча иш козголгон активист Жоробековго 70 миң сом айып салынды

Афтандил Жоробеков.

Бишкектеги Ленин райондук соту мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыгып кылмыш иши козголгон жарандык активист Афтандил Жоробековду күнөөлүү деп таап, 70 миң сом айып пул салды. Бул тууралуу “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова кабарлады.

Анын айтымында, Афтандил Жоробеков Кылмыш жаза кодексинин 327-беренесинин (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”) 1-бөлүгү (“Жалпыга маалымдоо каражаттарын же маалыматтык-коммуникациялык тарамдарды колдонуу менен”) менен күнөлүү деп табылды. Бул берене боюнча 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул же 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

40 жаштагы активист мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыгып 2023-жылы 9-декабрда камалган. Ага алгач “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган. Жоробеков тууну алмаштырууга каршы ар кандай акцияларды өткөрүүнү демилгелеген. Кийин 2024-жылы 15-июнда үй камагына чыккан.

Кармалгандан кийин анын автоунаасында жана батиринде тинтүү болуп, ноутбук, чөнтөк телефону алынган. Свердлов райондук милициясынын тергөөчүсү алынган ноутбук, телефон боюнча техникалык экспертиза дайындап, анын жыйынтыгы "массалык башаламандыктарга чакырык жок" деп чыккан. Кийин ага тагылган айып “бийликти басып алууга ачык чакырык жасаган” деп алмаштырылган.

Былтыр бийлик Кыргызстандын мамлекеттик туусундагы элементтерди өзгөртүүнү сунуштап, коомчулуктагы нааразылыкка карабай, 2023-жылдын этегинде парламент аны колдоп, президент желекти өзгөртүү мыйзамына кол койгон. (TSh)

Дагы караңыз

Президент өлкөдө кылмыштуулук 50% азайганын билдирди