Орусиянын түндүк кореялыктарды согушка салуу аракети
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Украина Орусиянын кезектеги чабуулунан ондогон кишиси жараат алганын, бир баланын өмүрү кыйылганын билдирди. 31-октябрга караган түнү Харьков шаарындагы кабат үйлөрдүн бирине аралыктан башкарылуучу бомба түштү. Президент Владимир Зеленский Батышты Украинаны алыска атуучу курал менен камсыздоо жагынан жардам берүүгө чакырды. Орусия Украинага каршы согушуна Түндүк Кореяны да аралаштырып жатканы Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде талкууланды. Орус бийлиги мындай айыптоону четке кагууда.