Казакстан: Каспийде бир жумада 300дөй түлөн кырылды

Каспийде кырылган түлөндөр. Блогер Азамат Сарсенбаев жарыялаган сүрөт.

Казакстандын Мангыстоо облусунда Каспий деңизинин жээгинде 24-октябрдан бери 289 түлөндүн (тюлендин) өлүгү табылды.

Кызыл китепке киргизилген түлөндөрдүн өлүмүнүн себеби белгисиз бойдон калууда.

Учурда деңиз жээгинде тийиштүү мекемелердин кызматкерлери иш алып барууда.

Жергиликтүү блогер Азамат Сарсенбаев түлөндөрдүн айрымдарынын моюнунда тордун изи бар экенин жазып, сүрөттөрүн жарыялады.

Гидробиология жана экология институтунун илимий кызматкери Жазира Сыдыкованын айтымында, түлөндөрдүн өлүмүнүн себебин билүү үчүн алардан алынган анализдер лабораторияга жиберилди. Ал эми дагы бир илимпоз Асел Баймакунова түлөндөрдүн көбү бооз болгонун социалдык түйүндөргө жазды.

Мындай окуя быйыл апрелде да болгон. Анда жээктен 27 түлөндүн өлүгү табылган. Ал эми 2022-жылы 172 түлөндүн кырылганы кабарланган. Анда булганган табияттан жаныбарлардын иммунитетти төмөндөп, пневмонияга туруштук бере албай калганы жүйө келтирилген.

Адистердин эсебинде, жүз жыл мурда Каспийде 1 миллион түлөн болсо, азыр алардын саны 100 миңдин гана тегерегинде. Түлөндөрдүн саны 1980-жылдарга салыштырганда төрт эсе азайган.

Дагы караңыз

Пентагон: Түндүк кореялык аскерлердин согушка тартылышы кооптуу Бишкектеги борбордук көчөлөр эки күнгө жабылатКамчыбек Ташиев коррупция жоюлбай жатканын айтты