Бишкектеги №23 мектепти жаап, жаңысын салуу маселеси каралууда

Кыргызстандагы мектептердин бири. Иллюстрация

Бишкектеги Гете атындагы №23 орто мектеп эскирип, авариялык абалга келгенине байланыштуу тиешелүү адистер аны сүрдүрүп, ордуна жаңы мектеп куруу маселесин карап жатышат. Бул тууралуу Бишкек шаар мэриясынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.

Маалыматка ылайык, эгер мектепти сүрдүрүү чечими кабыл алынса, замандын талабына ылайыкташкан жаңы мектеп курулушу мүмкүн.

"Бул мектепте окуган окуучулардын билим алуусун үзгүлтүккө учуратпоо максатында күзгү каникул бүткөндөн кийин алар башка мектептерге жайгаштырылат", - деп билдирди мэрия.

Гете атындагы №23 орто мектептин имаратында 1941-1944-жылдары Одесса аскердик учкучтар мектеби жана Ленинград дене тарбия институту жайгашкан. 1952-жылдан тарта мектеп катары колдонулуп келе жаткан.

Мектептин жетекчилиги окуу күзгү каникулдан кийин уланбай турганын, балдар башка мектептерге жайгаштырыларын билдиргенин айрым ата-энелер "Азаттыкка" билдиришкен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, 246 мектеп авариялык абалда турат.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, быйыл өлкөдө 150 миңдей бала 1-класска барды. 42 жаңы мектеп пайдаланууга берилип, төрт спорт зал ачылды. 2350 мектепте 1,5 миллиондой окуучу билим алууда. Мугалимдердин саны 74 миңдин тегерегинде. Министрлик алыскы аймактарда 300дөй мугалим жетишпей турганын билдирген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров былтыркы Элдик курултайда 2024-жылы Кыргызстанда 212 мектеп, 50 бала бакча ачыларын убада кылган.(ZKo)

Дагы караңыз

Пентагон: Түндүк кореялык аскерлердин согушка тартылышы кооптуу Бишкектеги борбордук көчөлөр эки күнгө жабылатЖоомарт Карабаев үй камагына чыкты, журналисттер абакта калдыОшто балдар үйүндө чоңойгон Володя согуштан куткарылды Камчыбек Ташиев коррупция жоюлбай жатканын айтты