Бишкектеги борбордук көчөлөр эки күнгө жабылат

Бишкектеги жолдордун бири

Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрү Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) 100 жылдык маааракесине арналган салтанаттуу иш-чараларга байланыштуу 31-октябрда жана 1-ноябрда жабык болот.

ИИМге караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалыматында, Чүй проспектиси Абдырахманов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин, ал эми Тыныстанов, Орозбеков, Раззаков, Панфилов, Логвиненко жана Эркиндик бульвары Фрунзе көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейин жабык болот.

1-ноябрь күнү Ала-Тоо аянтында ИИМдин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу парад болот, кечинде аянтта майрамдык концерт уюштурулат.

Парад мамлекеттик телеканалдар аркылуу түз көрсөтүлөт жана башка маалымат каражаттары аркылуу чагылдырылат.

"Кечки концертте эстрада ырчылары менен чогуу "Ыр кесе" сынагынын жеңүүчүсү болгон милиция кызматкерлери да көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулашат", - деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Кыргызстан быйыл, 2024-жылы мамлекеттүүлүгүнүн жүз жылдыгын белгилөөдө. Туура бир кылым мурун - 1924-жылы Кара-Кыргыз автоном облусу түзүлгөн.(ZKo)

Дагы караңыз

Ташиев гимн боюнча Мадумаровдун президентке берген жообун сындадыАбактагы Аспековдун талаштуу видеосу, ага бийликтин жообу Аба ырайы: Күн ачык болот“Мекенчил” депутаттык тобунун лидери алмашып, Сатыбалдиевдин ордуна Сулайманов келдиОшто балдар үйүндө чоңойгон Володя согуштан куткарылды