Тышкы иштер министринин (ТИМ) орун басары болуп Темирбек Эркинов дайындалды. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы 30-октябрда кабарлады.
2023-жылы 5-майда Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун башкармалык төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси болуп турган Темирбек Эркинов кармалганы кабарланган.
Айрым маалымат каражаттары Темирбек Эркиновду УКМК коррупция боюнча мурдараак козголгон кылмыш ишинин алкагында кармаганын жазышкан.
Ошол эле жылы 17-майда ал Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыккан. Анын кылмыш иши боюнча маалымат берилген эмес.
Темирбек Эркинов 2021-жылы ноябрда түзүлгөн Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалган. Ал Бангладештин Кыргызстандагы ардактуу консулу болгон. 2010-жылы парламенттик шайлоого “Либерал-прогрессивдүү партиянын” атынан катышкан. (TSh)
Дагы караңыз
УКМК Ташов абакта кыйноого кабылды деген маалыматты четке какты