Орусиянын Новосибирск облусундагы Октябрь районунда полиция мигранттарды мыйзамсыз алып келүү ишин уюштурган деген шек менен алты адамды кармады.
Кармалгандардын экөө камакка алынып, төртөө үй камагына чыгарылганын Орусиянын Ички иштер министрлигине (ИИМ) таянып, "Озодлик"радиосу жазды.
Тергөө ишинин маалыматында, алардын бири мигранттарга жардам берүү борборунун жетекчиси. Полиция ал башында турган топ чет элдик жарандарды жалган даректерде каттап жүргөн деп айыптоодо. Шектүүлөр мигранттарды шаардагы бир хостелде катташкан, бирок мигранттар ал жерде жашаган эмес. Орусия ИИМдин билдирүүсүндө хостел кармалгандардын бирине таандык экени айтылган.
Тергөөдө мындан тышкары, бул топ мигранттарга орус тили жана Орусиянын тарыхы боюнча билим деңгээлин ырастаган документтерди алууга көмөктөшүп турганы да жазылган. Бул үчүн алар мигранттардан кызмат акысы катары 6 миңден 30 миң рублга чейин акча алышкан.
29-октябрда Мамлекеттик Дума Орусияда "мыйзамсыз миграция уюштурду" деп айыпталгандардын жазасын катаалдаштыруу тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды. Мыйзам күчүнө киргенден кийин мыйзамсыз миграцияны "уюшкан топ" уюштурганы аныкталса, бул оор кылмыш болуп эсептелет жана 15 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Орусияда мигранттарга мамиле "Крокус Сити Холл" соода борборундагы террордук чабуулдан кийин катаалдашты. Мигранттар үчүн жаңы чектөөлөр киргизилип, алардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө максатында атайын реестр түзүлүүдө. Ага кирген мигранттар автоунаа айдоо, банктык кызматтарды колдонуу, менчик мүлк каттоо, никеге туруу жана ажырашуу, балдарын мектепке жана бала бакчага берүү мүмкүнчүлүктөрүнөн ажыратылат.
Орусиянын ИИМи маалымдагандай, учурда өлкөдө 6,17 миллион чет элдик жаран жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Беларус, Украина, Армения, Азербайжан, Казакстан, Кытай жана Түркмөнстандан келген.
Дагы караңыз
Украина: Түндүк кореялык аскерлер колго түшсө ысык тамак, ак шейшеп берилетЖаза аткаруу кызматы Аспековдун видео кайрылуусу абакта тартылбаганын билдирди"Свобода" радиосунун кызматкери Иван Трефилов дүйнө салдыТергөө абагындагы Имамидин Ташов кыйноого кабылганын апасы билдирдиПакистанда эки жердеги кол салуудан он чакты киши мерт болду