Президент Садыр Жапаров мамлекеттик гимнди жаңыртуу маселеси боюнча өз позициясын билдирип, учурдагысын алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн колдой турганын айтты. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине курган маегинде билдирди.
Мамлекет башчы учурдагы гимн 33 жыл мурда, өлкө эгемендик алгандан кийин жазылганын айтып, азыркы Кыргызстандын бай тарыхын жана толук калыптанган мамлекет экендигин чагылдырган жаңы гимн жазууну сунуштады. Жапаров жаңы гимн жаштарды патриоттуулукка, биримдикке чакырган жана элдин духун көтөргөн мазмунда болушу керектигин белгиледи.
Жапаров саясатчы Адахан Мадумаровдун гимнди өзгөртүүгө каршы пикири тууралуу суроого да жооп берип, анын позициясын сындады. Президент Жапаров Адахан Мадумаров мамлекеттик катчы кызматын аркалап турганда Кыргызстандын символикаларын алмаштыруу демилгесин өзү көтөргөнүн, азыр эми бул ойго каршы чыгып жатканын айтты.
Президент коомго мамлекетчил, туруктуу позиция карманган лидерлер керек экенин баса белгилеп, гимнди жаңыртуу маселеси чыгармачыл адамдардын жана жалпы элдин талкуусуна коюларын кошумчалады.
"Кытай архивдеринде кыргыздардын 5 миң жылдык тарыхы бар экенин далилдеген материалдар табылган. Биздин тарыхчылар ошол документтерди алып, кыргызчага которуп жатат. Орто кылымдарда мамлекетибизди жоготуп алганыбыздын себеби — ичи тардык жана көрө албастык болгон. Биз азыр мамлекеттүүлүктү кайрадан түптөп, бекемдеп жатабыз. Эми мындай сапатсыздыкка жол бербешибиз керек", — деди Жапаров.
Мамлекеттик гимнди жаңыртуу маселесин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чарада айтып чыккан. Ал "мамлекеттик гимн баарына оңой ырдалгыдай жана бирдей ыргакта болушу керек" деген пикирин билдирген. Кийинчерээк президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов гимнди өзгөртүү тууралуу ой төрага Шакиевдин жеке пикири экенин айткан.
Спикер Нурланбек Шакиев өткөн жылы мамлекеттик тууга өзгөртүү киргизүүнү да демилгелеп, аны парламент кабыл алган. Өткөн жылдын аягында Элдик курултайда президент Садыр Жапаров тууга оңдоолорду киргизүү анын демилгеси экенин, "чет мамлекеттердин өкүлдөрү туудан улам күн карамага байланыштырган суроону көп берерин" айткан. Демилге коомчулукта талкууга түшүп, тууну өзгөртүүгө каршы чыккан жарандык активист Афтандил Жоробеков алты айга камакка алынган.
Кыргызстандын азыркы гимни 1992-жылы 18-декабрда кабыл алынган. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев, обонун Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган.(ZKo)
Дагы караңыз
Украина: Түндүк кореялык аскерлер колго түшсө ысык тамак, ак шейшеп берилетЖаза аткаруу кызматы Аспековдун видео кайрылуусу абакта тартылбаганын билдирди"Свобода" радиосунун кызматкери Иван Трефилов дүйнө салдыОрусия: Мигрантка документ "жасап бергендердин" жазасы катууладыТергөө абагындагы Имамидин Ташов кыйноого кабылганын апасы билдирди