Орусия: Түндүк кореялык аскерлер орус тилинен кыйналууда

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Түндүк Кореядан келген жоокерлер орусча 100дөй аскердик терминди үйрөнгөн соң Украинадагы согушка жөнөтүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу 29-октябрда Сеулдун расмий адамдары чалгын кызматынын маалыматына таянып билдирди. Буга чейин НАТО Курскиге түндүк кореялык аскерлер жайгашканын ырастаган. Ал эми Пентагондун эсебинде Орусиянын чыгышында учурда 10 миңдей корей аскери машыгуудан өтүп жатат.