Батыш өлкөлөрү Грузия менен алакасын кайра карап чыгарын билдирүүдө

Тбилиси.

Тбилиси.

АКШ, Канада жана Швеция өлкөлөрү парламенттик шайлоонун жыйынтыгы талаш жаратып жаткан Грузиянын бийлигин сындап, жапырт мыйзам бузууларга, бурмалоого жана Москванын кийлигишүүсүнө жол берилгенин белгилешти.

Канада менен Швеция грузин өкмөтүнө каршы конкреттүү кадамдар жасаларын 28-октябрда жарыялашты.

Швеция түз кызматташтыгынын баарын токтотуп жатканын билдирди. Бул өлкөнүн тышкы байланыш министрлигинин башчысы Бенжамин Доуса Грузиядагы соңку саясий окуяларды, Батыштын байкоочулары белгилеген мыйзам бузууларды "тынчсыздануу жана кооптонуу жаратат" деп баамдады.

"Ошондуктан өкмөтүбүз швед-грузин түз кызматташтыгын, анын ичинен Грузиянын салык кызматы менен мамилесин токтотуп жатат", - деди Доуса жана Швеция Грузиянын жарандык коомуна 2,3 миллион долларга барабар каражат бөлөрүн айтты.

Канада расмий Тбилиси менен кызматташтыгын кайра карап чыгарын билдирди. Бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги да Грузиядагы абалга тынчсыздануусун билдирип, эл аралык байкоочулар добуш берүү "шайлоочуларды коркутуп-үркүтүү, добуш сатып алуу жана башка мыйзам бузуулар менен коштолгонун" айтып жатышканын белгиледи.

"Канада G7 боюнча өнөктөштөрү жана европалык кызматташтары менен макулдашып, Грузиянын жетекчилиги менен мамилесин кайра карап чыгат. Канада Грузиянын демократияны, адам укуктарын, мыйзам үстөмдүгүн урматтаган жана демократиядан артка чегинүүсүн токтото турган жетекчилиги менен кызматташууга дайым даяр", - деп айтылды министрликтин билдирүүсүндө.

АКШнын сенатору, демократ, Сенаттын таасирдүү Тышкы иштер комитетинин төрагасы Бен Кардин байкоочулар белгилеп жаткан мыйзам бузуулар "тынчсыздануу жана өкүнүү жаратканын" айтып, Европанын жана АКШнын Грузия демократия жолунан чегинип баратканы тууралуу эскертүүлөрүнө карабастан азыркыдай абал түзүлгөнүн белгиледи жана мындан аркы кырдаалга кылдат көз саларын айтты.

26-октябрда бийликти орусиячыл олигарх Бидзина Иванишвилинин “Грузин кыялы” партиясы башкарып турган Грузияда парламенттик шайлоо өттү. Соңку расмий маалыматка караганда, аталган партия добуштардын 53,92% алды, оппозицияга 38% тийди.

Тбилисиде 28-октябрдын кечинде миңдеген киши көчөгө чыгып, парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылыгын билдирди. Тынч митингге чогулууга грузиялыктарды өлкө президенти Саломе Зурабишвили чакырган. Ал "Биз орустардын атайын операциясы дейбизби, биздин элибизге, биздин өлкөбүзгө каршы жаңы гибриддик согуштун күбөсү жана курмандыгы болдук", – деп айткан. (RK)

Дагы караңыз

Тергөө абагындагы Имамидин Ташов кыйноого кабылганын апасы билдирди"Өзүнө кол салган". Ишкер Ташовду операциядан кийин абакка которушту"Хезболла" Насралланын ордуна Кассем дайындалганын жарыяладыГимн, туу, тил... Спикер Шакиев эмнеси менен эсте калат?