Аба ырайы: айрым аймактарда жаан, кар жаайт

30-октябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде туман түшөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 5…10;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1°…+1°, күндүз 10…12° жылуу болот.

Дагы караңыз

"Эрлан камалганда күндөлүк жаздым". Эркти сынаган “Кемпир-Абад иши” УКМК мэрияга өткөн “Оберон” базарлары боюнча маалымат бердиУкраинадагы урушта өлгөн кыргызстандыктар кимдер? Иран: Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алган Наргиз Мохаммади түрмөдөн ооруканага которулду Улуттук банк эсептик ченди өзгөртүүсүз калтырды