Бишкек – Ош автожолундагы Төө-Ашуу ашууда оор жүк ташуучу автоунааларга коюлган чектөө алынды.
Бул тууралуу 29-октябрда “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы билдирди. Оор жүк ташуучу унаалардын Төө-Ашуудан өтүүсүнө 29-октябрь күнү саат 8:35де уруксат берилген.
Учурда жолду тазалоо жана кум себүү иштери жүрүүдө.
“Кыргызавтожол” ишканасы дөңгөлөктү сөзсүз кышкыга алмаштырып жолго чыгууга жана автоунаалар ортосунда 500 метр аралыкты сактоого чакырууда.
28-октябрда аба ырайы кескин өзгөрүп, Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Таластагы Өтмөк ашууларынан оор жүк ташуучу автоунаалардын өтүшүнө чектөө коюлган.
Кыргызстанда синоптиктер 28-30-октябрь күндөрү абанын табы кескин төмөндөп, тоолуу аймактарда кар жаай турганын, жолдор тоңголок жана тайгак болорун эскертип жатат. (MKt)