“Журналисттерди коргоо комитети” (The Committee to Protect Journalists - CPJ) эл аралык уюму Apple Inc. компаниясын “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орусиялык App Store тиркемелер дүкөнүнөн өчүрүлгөн эки тиркемесин калыбына келтирүүгө чакырды. Бул тиркемелер Орусиянын Роскомнадзор мамлекеттик мекемесинин талабы боюнча өчүрүлгөн.
"Apple компаниясы муну менен маанилүү маалыматка жетүүгө болгон укукту чектеп, Орусия сыяктуу өлкөлөрдө эркин жалпыга маалымдоо каражаттарынын оозун басууга аракет кылган авторитардык режимдерди кубаттоодо. Биз Apple компаниясын басма сөз эркиндигин колдоого жана адамдардын объективдүү, калыс жаңылыктарга жетүүсүн камсыздоого чакырабыз", - деди CPJ уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча программаларынын координатору Гүлноза Саид.
Apple “Эркин Европа/Азаттык» радиосуна жолдогон катында Current Time TV тиркемеси Орусияда мыйзамсыз деп эсептелген, орус бийлиги “жагымсыз” деп сыпаттаган контенти үчүн өчүрүлгөнүн маалымдаган. Радионун кыргыз кызматы “Азаттыктын” да тиркемесин Орусиянын аймагында жүктөп алуу, окуу мүмкүн болбой калган.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Стивен Капус 22-октябрда Х социалдык түйүнүндөгү билдирүүсүндө: “Биз Apple орус өкмөтүнүн өтүнүчүн аткарып, өзүнүн App Store программасынан Орусиядагы биздин эки тиркемени өчүргөнүнө тынчсыздануудабыз. Авторитардык өлкөлөрдө адамдарды цензурага алынбаган маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан кадамдардын бири болгон бул чечим жокко чыгарыларына үмүттөнөбүз”, - деп белгилеген.
2022-жылы Украинага каршы согуш ачкандан кийин Роскомнадзор "Эркин Европа/Азаттыктын" сайттарын бөгөттөгөн, көп өтпөй радио Орусия аймагындагы ишмердигин токтоткон. Быйыл февралда Орусиянын Юстиция министрлиги радиону "жагымсыз уюмдар" катарына кошкон.
Сентябрь айынын соңуна карата Apple компаниясы өзүнүн орусиялык App Store программасынан алып салган VPN сервистердин саны жүзгө чукулдады. Роскомнадзор алардын арасынан 25 VPN тиркеменин өчүрүлүшүнө тиешеси бар экенин ырастаган.
VPN - бөгөттөлгөн сайттарга кирүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү виртуалдык түйүн. (RK)
Дагы караңыз
Түндүк-түштүк жолуна кар көчкү түшүп, бир нече машине туннелден өтө албай турат Кыргызстанда сербиялык эки жаран кармалганы маалым болдуНАТО Орусия Курскиге түндүк кореялык аскерлерди жайгаштырганын ырастадыЫсык-Көлдө суу сактагычтарды азайтып, көлдүн суусун көбөйтүү сунушталды