Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:23

Кыргызстанда сербиялык эки жаран кармалганы маалым болду


Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстанда Сербиянын эки жараны кармалганы 28-октябрда белгилүү болду. Бишкектин Биринчи май райондук соту бул маалыматты ырастап, алардын иши жашыруун каралып жатканын билдирди. Мекеме чет элдиктер качан жана кандай жагдайда кармалганын, аларга кандай айып коюлганын айткан жок.

Буга чейин blic.rs жана radar.nova.rs сыяктуу бир катар Сербиянын маалымат каражаттары Белград университетинин окутуучусу, профессор Александр Симонович жана буга чейин Сербиянын коргонуу тармагындагы ишканаларында жетекчилик кызматтарда иштеген Младен Петкович Кыргызстанда кармалганын жазып чыккан.

Анда эки серб жараны Кыргызстанга иш сапары менен барып, 19-сентябрдан бери дайыны чыкпаганын, кийинчерээк камакка алынганы белгилүү болгонун жазган. Ошондой эле сот иштери ноябрь айында башталары белгиленген.

Симоновичтин жубайы Бранка Симонович күйөөсү Кыргызстанга Белград университетинин Механикалык инженерия факультетинин тапшырмасы менен котормочу, эксперт-консультант катары кеткенин айткан. Мындан сырткары ал пара берүүгө шектелип кармалышы мүмкүндүгүн, бирок анын күнөөсү жок экенин билдирген.

Ачык булактардагы маалыматка ылайык, жакынкы мезгилге чейин Александр Симонович Белград университетинде Авиация кафедрасынын башчысы болгон. Мындан тышкары ал университеттин Механикалык инженерия факультетинде сабак берет.

Ал эми Младен Петкович өткөн жылга чейин Сербиядагы коргонуу тармагында иш алып барган эки мамлекеттик ишканада Серб прогрессивдүү партиясынын атынан жетекчилердин бири болуп иштеп турган.

Сербиялык маалымат каражаттары серб Тышкы иштер министрлигинин эки жарандын кармалышынан кабары бар экенин жазып жатышат.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги чет элдиктер тууралуу маалымат жок экенин айтса, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет азырынча комментарий бере элек.(MKt)

XS
SM
MD
LG