Түндүк-түштүк жолуна кар көчкү түшүп, бир нече машине туннелден өтө албай турат

Түндүк-түштүк кошумча жолу. 28-октябрь, 2024-жыл. ӨКМ тараткан сүрөт.

Түндүк-түштүк альтернативдүү автожолунун (Балыкчы - Казарман - Жалал-Абад) 348-чакырымында, туннелдин Жалал-Абадга чыккан тарабына 500 метр жетпей кар көчкү түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 28-октябрда көчкү тазалоо үчүн техника тартылганын билдирди.

"Учурда туннелдин ичинде туруп калган 10 унаа Казарман тарапка чыгарылды. Ал эми Казармандан Жалал-Абадды көздөй көмүр жүктөп бараткан 5 оор жүк ташуучу автоунаа туннелдин Казарман тарабында турат. Жерине Сузак районунан төрт куткаруучу жана тазалоо иштерине "Чайна-Роуд" ишканасынан жүктөгүч тартылган. Кошумча маалымат берилет", - деп жазылган анда.

Кыргызстанда синоптиктер 28-30-октябрь күндөрү абанын табы кескин төмөндөп, тоолуу аймактарда кар жаай турганын, жолдор тоңголок жана тайгак болорун эскертип жатат.

Транспорт жана жол министрлиги узак жолго чыккан айдоочулардан дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, чынжыр жана башка керектүү шаймандарды ала чыгууну өтүнүп, жолдо 500 метр аралыкты так сактоого чакырган. (MKt)

Дагы караңыз

НАТО Орусия Курскиге түндүк кореялык аскерлерди жайгаштырганын ырастадыЫсык-Көлдө суу сактагычтарды азайтып, көлдүн суусун көбөйтүү сунушталдыКыргызстанда 16 жолу соттолгон Маратов Каирден кармалды