Болгария: Соңку төрт жылда жетинчи жолу парламенттик шайлоо өтүп жатат

Болгариянын экс-премьер-министри, ГРЕБ партиясынын лидери Борис Бойко шайлоо бекетине баратат, 27-октябрь, 2024-жыл

Болгарияда 27-октябрда эртең мененки жетиде башталган добуш берүү кечки саат сегизде аяктайт.

Добуш берүүнүн алдында Балкандагы Гэллап уюму уюштурган сурамжылоо бир дагы партия парламентте көпчүлүк добушка ээ болбой турганын көрсөткөнүн болгар улуттук радиосу жарыялады.

Мурунку премьер-министр Бойко Борисовдун оңчул-борборчул ГРЕБ партиясы 26% добуш алат деген божомол бар. Партия парламентте коалиция тузүү үчүн узак сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мажбур болушу ыктымал.

Гэллаптын сурамжылоосу көрсөткөндөй, реформатордук “Биз өзгөртүүлөрдү улантабыз” деген элдик партия 16,2% добуш алса, кремлчил, ашынган оңчул “Кайра жаралуу” партиясы 14,9% добуш топтошу мүмкүн.

Шайлоого катышуу үчүн 22 партия жана тогуз коалиция каттоодон өткөн.

2020-жылы коррупцияга каршы жапырт митингдердин айынан Борисовдун өкмөтү кулатылгандан бери Болгария туруктуу өкмөт түзө албай убара тартууда. Андан бери өткөрүлгөн алты парламенттик шайлоо иштиктүү натыйжа берген жок.

Быйыл июнда болгон шайлоодо парламентке өткөн партиялар коалициялык өкмөт түзө албай койгон. Ал шайлоодо добуш бергендердин саны рекорддук төмөн чекти көрсөтүп, добуш берүүгө укуктуу жарандардын 34% гана өз тандоосун билдирген.

Бул жолку шайлоодо добуш бергендердин саны мындан да төмөн болушу ыктымал. Гэллап уюму 31% гана шайлоочу добуш берет деп божомолдойт.

Август айында Болгариянын президенти Румен Радев премьер-министрдин милдетин аткаруучу Димитар Главчевдин сунушун кабыл алып, жакырчылыктан жана коррупциядан жабыр тарткан өлкөгө убактылуу өкмөт түзүүгө макул болгон.

Главчев былтыр мартта өкмөт кулаган соң премьер-министрдин милдетин аткарууга киришкен.

Шайлоодо добуш берген Главчев “элдин кызыкчылыгын алдыга койгон өлкөнүн Конституциясын сыйлаган жана туруктуу өкмөтү бар, европачыл, стабилдүү Болгария үчүн добуш бергенин” айтты.

Дагы караңыз

Өзбекстан: Комил Алламжоновдун автоунаасы аткыланганы боюнча кылмыш иши козголду"Грузин кыялы" жеңгенин, оппозиция аны тааныбай турганын билдирдиТугунбулак жана Ташбулак. Борбор Азиядагы белгисиз шаарлар "Автокырсык уюштуруп коебуз". Уйгур активисттердин кооптуу жашоосу