Днепрде жана Киевде орусиялык күчтөрдүн соккусунан төрт киши каза тапты

Днепр. Архив.

26-октябрга караган түнү орусиялык күчтөрдүн ракета соккусунан Днепр шаарында үч киши каза болуп, 19у жараат алды, алардын төртөө – балдар. Бул тууралуу Днепропетровск облусунун губернатору Сергей Лысак билдирди.

Лысак жарадар болгондордун сегизи ооруканага жаткырылганын, айрымдарынын абалы оор экенин маалымдады.

Анын айтымында, ракеталык соккудан эки кабаттуу турак үй жана гараж, 13 көп кабаттуу жана эки жер үй, 30 унаа жабыр тартты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери 80 тонна калдыкты алып чыгышты.

Тургундарга тамак-аш уюштурулуп, психологиялык жардам көрсөтүлүүдө. Куткаруу кызматы, “Тез жардам”, полиция кызматкерлери жана ыктыярчылар жеринде иштеп жатышат.

Лысак билдиргендей, орусиялык күчтөр Никопол жана Марганецти да артиллерия, дрондор менен аткылаган. Инфраструктура зыян тарткан, жабыркаган кишилер жок.

Ошол түнү Киевге орусиялык күчтөр бул айдагы 16-жолку абадан соккусун жасаганын шаар бийлиги билдирди. 25-октябрдын кечинде калаада абадан эскертүү жаңырып, ал жети жарым саатка созулган. Абадан коргонуу системалары ондогон дронду жок кылган.

Бир дрон көп кабаттуу үйгө тийип, анын 12-кабатындагы батирден өрт чыгып, бир кыз каза болду. Турак үйдүн жогорку беш кабатындагы батирлер зыян тартып, алты адам жараат алды. Ал жерде жашаган жүздөн ашык киши эвакуацияланды.

Орусиянын Коргоо министрлиги Днепропетров жана Киевдеги соккулар боюнча комментарий бере элек.

Дагы караңыз

Израил Ирандын аймагына абадан сокку урдуБаткен окуясында курман болгондор эскерилдиГрузияда парламенттик шайлоо өтүүдөОрусиянын миграция борборун Кыргызстанда ачуу сунушталды