Гутерриш Путин Украинага кол салып, эл аралык мыйзамдарды бузганын айтты

Антониу Гутерриш жана Владимир Путин. 2024-жылдын 24-октябры.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш Орусиянын президенти Владимир Путин менен Казан шаарында БРИКС саммити учурунда жолугушканда Орусиянын Украинага басып кириши БУУ Уставын жана эл аралык мыйзамдарды бузгандык болуп эсептелерин айтты. Бул тууралуу маалымат БУУнун сайтына 24-октябрда жарыяланды.

Анда “Башкы катчы Орусиянын Украинага басып кириши БУУ Уставына жана эл аралык мыйзамдарга каршы келет деген позициясын кайталады. Ал БРИКС саммитинде сүйлөгөн сөзүндө БУУ тынчтыкты колдой турганын баса белгиледи. Башкы катчы Кара деңизде кемелердин жүрүү эркиндигин орнотуу Украина, Орусия үчүн жана дүйнөнүн азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугу үчүн эң маанилүү экенине ишенерин билдирди”, - деп айтылды.

Гутерриш Путин менен акыркы жолу согуш башталган алгачкы мезгилде, 2022-жылдын апрелинде жолуккан.

Айрым талдоочулар Гутерриш ошондон бери Украинанын шаар-кыштактарын, инфраструктурасын талкалап жаткан орус президенти Путин менен кол алышканын сындап жатышат.

Гутерриш саммиттин делегаттары алдында сүйлөгөн сөзүндө Украинада “адилет тынчтык” орнотууга чакырган.

“Бизге Украинада тынчтык болушу зарыл. БУУ Уставына, эл аралык укукка жана Башкы Ассамблеянын резолюциясына ылайык адилет тынчтык,” — деген Украинага каршы согуш ачкан Орусияга барышынын өзү Киевдин нааразылыгын жараткан Гутерриш.

“БУУнун башкы катчысы Швейцарияда уюштурулган Глобалдык тынчтык саммитибизге чакыруубузду четке каккан эле. Ал эми согуш кылмышкери Путиндин Казанга чакыруусун ал кабыл алды. Бул тынчтыкка өбөлгө түзбөй турган, БУУнун кадыр-баркына шек келтирген, туура эмес тандоо”, – деп Украинанын Тышкы иштер министрлиги 22-октябрда белгилеген.

Казан саммитине БРИКСке мүчө Бразилия, Индия, Кытай, Түштүк Африка Республикасынан тышкары Иран жана Түркия баштаган 36 өлкөнүн жетекчиси барып катышты. (RK)

Дагы караңыз

ЕБ селден жабыркаган Босния жана Герцеговинага жардам берет"Омурткасы ооруган жаштар көбөйүүдө" Министр Полотова мигранттарды Орусиянын мыйзамдарын так сактоого чакырдыЧелябинскиде cыгандарга каршы башаламандыктан кийин ондогон киши кармалды