Ливанга 1 млрд доллар жардам чогулду, Блинкен аймактыгы сүйлөшүүлөрүн улантты

Ливандын премьер-министри Нажиб Микати жана Франциянын президенти Эммануэл Макрон Ливанды колдоо боюнча конференцияда.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу бул аймакка кезектеги иш сапарында Вашингтон Газа секторунда уланып, эми Ливандын аймагына да өткөн согуштун токтошу үчүн “ар кандай варианттар” үчүн ачык экенин билдирди.

"Атышууну токтотуу жана барымтадагылар боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу айта турган болсок, биз согуштун токтошуна жетиш үчүн колдоно ала турган кандай варианттар бар экенин карап жатабыз", - деди Блинкен 24-октябрда Катарда.

Бүгүн 25-октябрда Катардын борбору Дохада Израилдин расмий өкүлдөрү катыша турган сүйлөшүүлөр өтөт. Ал эми ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) өкүлдөрү менен катарлыктардын жолугушуусу буга чейин уюштурулган.

Ал тапта бир катар өлкө жана эл аралык уюм биргелешип Ливандагы гуманитардык кризисти чечүүгө жардам иретинде 1 миллиард доллар чогултканы белгилүү болду. Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэл Барро Парижде 24-октябрда өткөн конференцияда Ливандын Израил менен "Хезболланын" (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) атышууларынан улам үй-жайын таштап качууга мажбур болгон жүз миңдеген тургунуна жардам үчүн 800 миллион доллар чогулганын айтты.

Ошол эле конференцияда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) аймактагы коопсуздукту көзөмөлдөп жаткан аскерлерине жардам берүүчү ливандык күч кызматкерлерине колдоо иретинде 200 миллион доллар бөлүү тууралуу да чечим кабыл алынды.

"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынын депутаттары бар.

23-сентябрдан бери Израил "Хезболлага" каршы "Түндүк жебе" операциясын жүргүзүүдө. Анын максаты топтун аскердик инфраструктурасын талкалоо жана Израилдин түндүк тилкесиндеги эвакуация болгон жарандарынын үйүнө кайтуусуна шарт түзүү экени белгиленген. Израилдин "Хезболла" менен кармашы өткөн айдын ортосунда күчөп, 27-сентябрда Бейрутка жасалган аба соккусунан аталган топтун лидери Хасан Насралла өлтүрүлгөн.

2023-жылдын 7-октябрында Израил Газа тараптан ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобунун кол салуусуна кабылганын, 1197 кишиси өлтүрүлгөнүн, 251 кишисин барымтага алып кетишкенин, эртеси күнү Ливан тараптан "Хезболланын" ракеталык аткылоосуна кабылганын билдирген жана аларга каршы согушун баштаган. Ошондон бери Газада 43 миңдей, Ливанда 2 миңдей кишинин өмүрү кыйылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлоодо. АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрү жүргүзгөн ортомчулук сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыга элек. (RK)

Дагы караңыз

Волейбол: Кыргызстан Борбор Азиянын чемпиону болду Улуттук банк валюта базарына 55,1 млн доллар саттыЕвропарламент азери бийлигин "репрессияны" токтотууга чакырдыАба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт