Волейбол: Кыргызстан Борбор Азиянын чемпиону болду

Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курамасы.

Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курамасы Борбор Азия волейбол ассоциациясынын (CAVA) чемпионатынын жеңүүчүсү болду. Финалдык беттеште курама Өзбекстан курамасын 3:0 эсеби менен утту. Мелдеш 18-октябрдан 24-октябрга чейин Ташкент шаарында өттү.

CAVA уюмунун расмий сайтынын маалыматында, мелдешке Кыргызстандын, Ооганстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Мальдив жана Түркмөнстандын курамалары катышты. Мелдештин эрежесине ылайык, командалар өз ара ойноп, тайпада эң көп упай топтогон эки команда мелдештин алтын байгеси үчүн беттешет. Ал эми тайпада үчүнчү жана төртүнчү орунду ээлеген командалар коло байге үчүн күч сынашат.

Жыйынтыгында Кыргызстандын курамасы беш беттеште жеңишке жетип, жалпы 14 упай топтон тайпада биринчи орунду ээледи. 11 упай топтоп, экинчи орунду ээлеген Өзбекстан курамасы менен мелдештин баш байгеси үчүн күч сынашты. Үчүнчү орунга Түркмөнстан курамасы ээ болду.

Мелдештин жыйынтыгында Нурмухаммед Токтоев мелдештин "Мыкты оюнчусу", Оңолбек Каныбек уулу "Мыкты чабуулчу" наамына ээ болду.

CAVA улуттар лигасына Борбор Азиядагы жана Чыгыш Азиядагы 14 өлкө мүчө. (GT)

Дагы караңыз

Улуттук банк валюта базарына 55,1 млн доллар саттыЕвропарламент азери бийлигин "репрессияны" токтотууга чакырдыАба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт