Улуттук банк валюта базарына 54 миллион 500 миң доллар сатты. Бул маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды. Ушуну менен өлкөнүн негизги банкы жыл башынан бери 20 жолу интервенция жасап, анын көбүндө долларды сатып алды.
Буга чейин 8-октябрда 54,5 миллион доллар сатылган.
Ушу тапта доллардын расмий курсу 85,50 - 85.80 сом. Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир доллар 85,68 сомдон алынып, 86,16 сомдон сатылууда.
Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат.
Кыргызстанда акыркы суткада доллардын, евронун, орус рублинин, теңгенин жана юандын сомго карата расмий курсу жогорулады. (КЕ)
Дагы караңыз
Европарламент азери бийлигин "репрессияны" токтотууга чакырдыАба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайтДепутат курулуш нормаларын сактабагандарды жоопко тартууну сунуштадыЭл акыны Рамис Рыскулов эскерилди