Тиркеме аркылуу акча которуунун жаңы эрежеси кирди

Кыргызстанда мобилдик тиркеме жана интернет-банкинг аркылуу өлкө ичинде сом менен акча которгондо комиссиялык төлөм алууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу 24-октябрда Улуттук банк билдирди.

Мекеменин сайтына жарыяланган маалыматка караганда, коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары Кыргызстандын ичиндеги эсептерге сом акчасын чөнтөк телефонундагы тиркеме же банкинг аркылуу которгон жарандарга көрсөткөн кызматы үчүн алардан акча кармап калбашы керек болот.

Мындай чара убактылуу экени, 2025-жылдын 31-декабрына чейин иштей турганы, негизги максаты накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн мындан ары көбөйтүү, калк үчүн санарип төлөм кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу экени белгиленди.

“Бул чара калктын бардык катмары үчүн банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жана банк секторуна санарип технологияларды киргизүүнү тездетүүгө өбөлгө түзөт”, - деп айтылды башкы банктын маалыматында.

Улуттук банк башкармалыгынын “Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” токтому 23-октябрда кабыл алынды.

Кыргызстан накталай эмес төлөмдөргө өтүү аракетин улантууда. Салык кызматы 1-октябрдан тартып мекеме-ишканалар кызматкерлерине эмгек акыны накталай түрдө эмес, банк эсептери аркылуу төлөөгө милдеттүү экенин эскерткен. Мындай талап Эмгек кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу коюлуп жатканы белгиленген. (RK)

Дагы караңыз

ТИМ: Орусиядагы кыргызстандык мигранттар маселеси талкууланды"Мыйзамсыз иштер ашкереленбей калат". Милициянын видеосун чыгаргандарды жазалоо сунушу колдоо тапты Туманбаев бир нече курулуш компаниясынан ондогон батир мамлекетке алынганын айтты Түркияда теракттан 5 адам өлдү, Орусия Украинаны ракета менен атты