ТИМ: Орусиядагы кыргызстандык мигранттар маселеси талкууланды

Орусия. Мигранттар. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттарды текшерүү күчөгөн жана аларды аталган өлкөнүн аймагына киргизбей жатышкан маселени орус элчилиги менен талкуулаганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу 24-октябрда Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн башчысы Андрей Бурьевой менен жолукту.

Жолугушууда кыргыз тарап жарандар Орусиянын аймагына кирүүдө кыйынчылыкка туш болуп жатканы, ошол жакта жашап, иштеген кыргыз мигранттарынын балдарын билим берүү мекемелерине кабыл алууда тоскоолдуктар бар экени тууралуу айтты.

“Өз кезегинде, орусиялык тарап “Крокус Сити Холлдо” болгон кайгылуу окуядан кийин Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Чек ара кызматы коопсуздукту жана антитеррордук коргоону камсыздоо үчүн күчөтүлгөн көзөмөл чараларын киргизгенин билдирди”, - деп айтылды маалыматта.

22-октябрда саат 5:30да Ош-Москва багытындагы SU1899 номурлуу каттамдагы учак менен Москвага учуп барган кыргызстандыктардын ичинен ондогон жаран Орусияга киргизилбей, артка кайтарылган. Кыргызстандан учуп барган мигранттарды орусиялык чек арачылар аэропортто бир нече сааттап кармап, айрымдарын артка кайтарган учурлар буга чейин да катталган.

5-октябрда Ош-Москва каттамындагы учак менен Москвага барган жүргүнчүлөрдүн 40 чактысы Орусияга кире албай калган.

ТИМ өткөн айдын башында Орусиядагы кошумча коопсуздук чараларынын киргизилишинен жана мамлекеттик чек арадан чет өлкөлүк жарандарды өткөрүүдө көзөмөлдүн күчөтүлүшүнөн улам кыргыз жарандарын зарыл иши болбосо Орусияга убактылуу барбай турууга чакырган.

Быйыл Москвада "Крокус Сити Холлдо" кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталган.

Расмий маалыматка караганда, учурда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар. (TAb)

Дагы караңыз

"Мыйзамсыз иштер ашкереленбей калат". Милициянын видеосун чыгаргандарды жазалоо сунушу колдоо тапты Туманбаев бир нече курулуш компаниясынан ондогон батир мамлекетке алынганын айтты Түркияда теракттан 5 адам өлдү, Орусия Украинаны ракета менен атты Украинага 50 млрд доллар кредит бөлүү аракети ишке ашууда