Түркия Сирия менен Ирактын түндүгүнө абадан сокку урганын билдирди

23-октябрдагы кол салуу TUSAS ишканасынын кире беришинде болгон.

Түркия борбор калаасы Анкарада беш кишинин өлүмүнө алып келген окуядан кийин Сириянын жана Ирактын аймагындагы «Күрд жумушчу партиясынын» (Түркияда террорчул уюм деп жарыяланган) турумдарына абадан сокку урганын билдирди. Түркиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Зеки Актүрк 24-октябрда маалымдагандай, жалпысынан 47 объект бутага алынды.

«Ирак менен Сириянын түндүгүндөгү террордук объектилерге түндө жана бүгүн эртең менен жасалган авиа соккулар менен террордук уюм колдонгон үңкүрлөр, кампалар, анын жетекчилери жайгашкан баш калкалоочу жайлар, жалпысынан 47 объект жок кылынды. Өзүбүздө жасалган ок-дары болушунча көбүрөөк колдонулган аба соккуларынын натыйжасында көптөгөн террорчулар өлтүрүлдү. Бутага алуунун натыйжасы кандай болгонун талдап жатабыз, аба соккуларыбыз уланат», - деди Актүрк.

23-октябрда Turkish Aerospace Industries (TUSAS) ишканасынын имаратына эки киши автомат жана жардыргыч менен кол салганы, бири аял, экинчиси эркек экени, экөө тең ошол жерден жок кылынганы расмий кабарланган. Бул чабуул үчүн эч бир топ жоопкерчиликти ала элек. Окуя учурунда 22 киши жараат алганы айтылган.

Ички иштер министри Али Ерликая кол салган эркек киши «Күрд жумушчу партиясынын» мүчөсү деп аныкталганын билдирген.

Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Ирактын түндүгүндө аталган партиянын 29, ал эми Сириянын түндүгүндө 18 объектиси бутага алынды.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган 23-октябрдагы кол салууну теракт деп атаган. (RK)

Дагы караңыз

"20 жылга депортация болдуңар дешти". Москванын аэропортунда кармалган мигранттар"Мыйзамсыз иштер ашкереленбей калат". Милициянын видеосун чыгаргандарды жазалоо сунушу колдоо тапты Зеленский БУУ Уставынын максаты тууралуу эскерттиПольшада мыйзамсыз миграция уюштурууга шектелген 11 киши кармалды