Баткенде быйыл сел чыгымы 213 млн сом болду

Сүлүктү шаарындагы сел сууларын тазалоо учуру. Май. 2024-жыл

Баткен облусунун аймагында 2024-жылдын жаз, жай айларында 95 сел катталып, жалпы чыгым 213 млн 399 миң сомдон ашкан.

“Турак жайы жашоого жараксыз үй-бүлөлөргө, мамлекет тарабынан жалпысынан 29 млн сом компенсация төлөнүп берилди”, - деп билдирди “Азаттык” радиосуна 24-октбярда облустук бийликтин маалымат кызматынан.

Быйыл апрель айынан июлдун аягына чейин жаанчыл болуп, өлкөдө сел көп катталды. Июнь айында селден Жеңиш айылында сел жүрүп беш жаштагы наристе селге агып чарчап калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө боюнча быйыл тогуз айда селден 22 адам каза болуп, 5354 турак жайды каптап, 102 үй авариялык абалга келген. 135 автоунаа зыянга учурап, 138 үйдү капиталдык оңдоого туура келгенин билдирген. (JsA)

Дагы караңыз

Туманбаев бир нече курулуш компаниясынан ондогон батир мамлекетке алынганын айтты 24-октябрь: Түркия күрт жоочуларына сокку урганын билдирди, абактагы Төрөкулова айып изоляторуна камалдыТИМ: Орусиядагы кыргызстандык мигранттар маселеси талкууланды