ТИМ Орусия аэропортунан кайра жөнөтүлгөн кыргызстандыктар боюнча маалымат берди

Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жана Орусиядагы элчилиги 22-октябрда Оштон Москвага учуп барып, кайра жөнөтүлгөн кыргызстандык жарандар боюнча маселени өзгөчө көзөмөлдө кармап турат. Бул тууралуу 23-октябрда ТИМ билдирди.

«Азыркы кезде түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча иш орусиялык тарап менен бирге жүргүзүлүп жатат», - деп кабарлады министрлик.

Мекеме Орусия чек арасындагы көзөмөлүн «Крокус Ситидеги» окуядан кийин коопсуздукту камсыз кылуу жана террорчулукка каршы коргонуу максатында күчөткөнүн, ошол себептен соңку айларда кыргызстандык жарандар Орусия аймагына киргизилбеген окуялар көбөйгөнүн, аларга тийиштүү жардам берилип жатканын белгиледи.

Маселе мамлекет аралык кызматташтыктын бардык деңгээлинде көтөрүлүп жатканы да айтылды.

22-октябрда саат 5:30да Ош-Москва багытындагы SU1899 номурлуу каттамдагы учак менен Москвага учуп барган кыргызстандыктардын ичинен ондогон жаран Орусияга киргизилбей, артка кайтарылган. Кыргызстандан учуп барган мигранттарды орусиялык чек арачылар аэропортто бир нече сааттап кармап, айрымдарын артка кайтарган учурлар буга чейин да катталган.

5-октябрда Ош-Москва каттамындагы учак менен Москвага барган жүргүнчүлөрдүн 40 чактысы Орусияга кире албай калган.

ТИМ өткөн айдын башында Орусиядагы кошумча коопсуздук чараларынын киргизилишинен жана мамлекеттик чек арадан чет өлкөлүк жарандарды өткөрүүдө көзөмөлдүн күчөтүлүшүнөн улам кыргыз жарандарын зарыл иши болбосо Орусияга убактылуу барбай турууга чакырган.

Быйыл Москвада "Крокус Сити Холлдо" кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталган.

Расмий маалыматка караганда, учурда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар. (RK)

Дагы караңыз

Түркиядагы жарылуудан жабыркагандар арасында Кыргызстан жарандары жок Кемпир-Абад иши: 30дай айыпталуучу, создуккан сотТүркиядагы жарылууну полиция террордук кол салуу деп атадыКемпир-Абад ишине эки жыл, создуккан сот жараяны