Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:35

Түркиядагы жарылуудан жабыркагандар арасында Кыргызстан жарандары жок


Түркия. Окуя болгон жер.
Түркия. Окуя болгон жер.

Түркияда 23-октябрдагы окуядан каза болгондор же жараат алгандар арасында кыргызстандык жарандар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги билдирди.

Элчилик Түркиянын компетенттүү органдарынан расмий маалымат алганын, алардын жообу ушундай болгонун маалымдады.

Түркияда аскердик учак жана космостук жабдык жасалуучу Turkish Aerospace Industries (TUSAŞ) ишканасынын аймагында болгон окуяны бийлик террордук кол салуу деп атады. Ички иштер министри Али Ерликая адамдар каза болгонун жана жараат алгандар бар экенин айткан.

Баштапкы маалымат боюнча, кеминде үч кишинин өмүрү кыйылды, 11 киши жараат алды.

Айрым маалымат булактары атышуу угулганын, бир нече киши такси менен барып, компаниянын кире беришин жардырганын жазышты.

TUSAŞ компаниясынын башкы кеңсеси борбор калаа Анкарадан 40 чакырым түндүк тараптагы Кахраманказан аймагында жайгашкан. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG