Түркиядагы жарылууну полиция террордук кол салуу деп атады

Окуя болгон жер. Анкара.

Түркияда бүгүн 23-октябрда аскердик учак жана космостук жабдык жасалуучу ишкананын аймагында болгон жарылуунун чоо-жайы иликтенип жатат. Ички иштер министрлиги адамдар каза болгон жана жараат алган бул окуяны террордук кол салуу деп атады.

Министр Али Ерликая Х социалдык түйүнүнө жазгандай, жарылуу Анкарадагы Turkish Aerospace Industries ишканасына болду:

«Кахраманказанда Turkish Aerospace Industries Inc (TUSAŞ) объектилерине террордук кол салуу жасалды. Тилекке каршы, шейит кеткендер жана жарадар болгондор бар».

Жеринде полиция жана күч органдары иштеп жатат. Айрым маалымат булактары атышуу угулганын, бир нече киши компаниянын кире беришин жардырганын, алар жумушчуларды барымтага алган болушу ыктымал экенин жазышты.

NTV телеканалы кол салган адамдар ал жерге такси менен барып, ишкананын ичине кирүүгө аракет кылганда атышуу, жарылуу болгонун маалымдады.

Бийлик кошумча маалымат берилерин, расмий гана булактарга ишенүү зарыл экенин белгиледи.

TUSAŞ компаниясынын башкы кеңсеси борбор калаа Анкарадан 40 чакырым түндүк тараптагы Кахраманказан аймагында жайгашкан. (RK)

Дагы караңыз

Депутаттар жалаа жабууга жаза чегерген талаштуу долбоорду колдоду "Фейсбукка видео жарыялагандан кийин кармалды". Ноокатта ютубер жапырт башаламандыкка айыпталууда Казанда 20дан ашуун өлкө лидерлери чогулду, интернет өчтү, жолдор жабылдыБлинкен Газадагы согушту токтотуу убактысы келип жеткенин айтты