Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:28

Блинкен Газадагы согушту токтотуу убактысы келип жеткенин айтты


Хашем Сафи ад-Дин.
Хашем Сафи ад-Дин.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израил Ливанда "Хезболланын" (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) жогорку жетекчилеринин бири жок кылынганын жарыялагандан кийин Израилди жана ал Газа менен Ливанда согушуп жаткан, Иран колдогон топторду атышууну токтотууга чакырды.

Хашем Сафи ад-Дин аталган топтун кийинки лидери болору боолголонуп жаткан.

"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

Жакынкы Чыгыштагы абалды турукташтыруу максатында аймакка кезектеги иш сапары менен барган Блинкен 23-октябрда Иорданиядан Сауд Арабиясына жөнөп жатканда журналисттердин суроолоруна жооп берип, "Азыр ошол ийгиликтерди туруктуу стратегиялык ийгиликке айландырууга убакыт келип жетти", — деп айтты.

Израил Сафи ад-Дин 3-октябрда Ливандын борбор калаасы Бейрутка жасалган авиа соккусунан кийин каза болгонун 22-октябрда маалымдап, топту башкаруу милдетин ала турган бул адам тирүүбү же жокпу деген талаш-талкууга чекит койгон.

"Хезболланын" ага чейинки лидери Хасан Насралланы Израил 27-сентябрда Бейруттагы аба соккусу менен өлтүргөн.

Сафи ад-Дин "Хезболланын" саясий иштерин көзөмөлдөчү, ал топтун чечим кабыл алуучу Шура кеңешинин, аскердик операцияларын көзөмөлдөөчү Жихад кеңешинин мүчөсү болчу.

2017-жылы Кошмо Штаттар аны террорчу деп жарыялаган. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG