Кемпир-Абад иши: 30дай айыпталуучу, создуккан сот

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эки жыл мурун 23-октябрда Кемпир-Абадды коргоо комитетин түзүү демилгесин көтөрүп, Бишкекте чогулган 30га жакын саясатчы, активист “бийликти күч менен басып алууга” айыпталып камалган. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Быйыл 14-июнда аларды Биринчи май райондук соту актаганы менен ушул тапта териштирүү иштери Бишкек шаардык сотунда уланып жатат.