Беларуста президенттик шайлоо күнү жарыяланды

Беларус. 2020-жыл.

Беларуста кезектеги президенттик шайлоо келерки жылдын 26-январына белгиленди. Мындай чечим 23-октябрда өлкө парламентинде кабыл алынды.

Бул шайлоо 2020-жылдагы жапырт нааразылык менен коштолгон, жыйынтыгы талаш жараткан президенттик шайлоодон берки эң алгачкы ири саясий өнөктүк болот. Ошондой эле бул Орусия ачкан, Беларус түздөн-түз колдоосун билдирген Украинадагы азыркы согуш башталгандан берки алгачкы президенттик шайлоо дагы.

Төрт жыл мурдагы добуш берүүнүн соңунда өлкөнүн авторитардык башкаруучусу Александр Лукашенко өзүн жеңүүчү деп жарыялап алган. Ал оппозициянын жана Батыштын бул өнөктүк көптөгөн мыйзам бузуу менен өткөнү тууралуу айыптоолорун четке каккан.

Лукашенконун буйругу менен өлкөнүн күч органдары 2020-жылдагы шайлоодон кийин анын жыйынтыгына нааразылыгын билдирип чыккан жарандардын акциялары учурунда тутанган жапырт нааразылык толкунун күч менен баскан. Натыйжада миңдеген киши кармалып, көбү камакка алынган, оппозициянын лидерлери жана айрым өкүлдөрү сыртка чыгып кетүүгө мажбур болгон. Бир нече киши полициянын зомбулугунан каза тапкан. Укук коргоочулар кармалгандар полициянын жана атайын кызматтын кыйноосуна кабылгандыгынын далили бар экенин айтып жүрүшөт. (RK)

Дагы караңыз

Өзбекстанда орусиялык журналисттин өлүмү иликтенүүдөМолдова: Санду менен Стояногло теледебатка чыгатТөө-Ашуу, Өтмөктө жолду кардан тазалоо иши жүрүп жататЭркти сынаган “Кемпир-Абад иши”