Өзбекстанда орусиялык журналисттин өлүмү иликтенүүдө

Ташкент.

Өзбекстанда үч кишинин, анын арасында орусиялык журналисттин өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. Бул тууралуу 22-октябрда «Азаттыктын» өзбек кызматы жазды.

Окуя борбор калаа Ташкенттеги Karaman Palace мейманканасында 20-октябрда болгону, сөөгү эки башка бөлмөдө табылган үч кишинин экөө орус жараны экени маалымдалды.

Биринчиси 47 жаштагы Инесса Паперная экени расмий тастыкталды. Ал «Профиль» журналында иштечү, Lenta.ru сайтынын штаттан тышкаркы автору болчу. Экинчи киши анын досу, 45 жаштагы эркек киши. Экөө бир бөлмөдө каза болгону, ал эми үчүнчү киши 48 жаштагы жергиликтүү тургун экени, аны башка бөлмөдөн ванна жактан табышканы кабарланды.

Баштапкы соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына караганда, үчөө тең белгисиз затка ууланган.

Кылмыш иши «Коопсуздук талаптарына жооп бербеген иштерди аткаруу же тейлөө» деген берененин негизинде козголду.

Айрым орусиялык басылмалар үч кишинин өлүмүнө бассейнди тазалоодон кийин мейманкананын желдетүүчү системасына кирген газ себеп болушу ыктымал экенин жазып жатышат. (RK)

Дагы караңыз

Молдова: Санду менен Стояногло теледебатка чыгатТөө-Ашуу, Өтмөктө жолду кардан тазалоо иши жүрүп жататЭркти сынаган “Кемпир-Абад иши” Ноокаттык ютуберге кылмыш иши козголду