Төө-Ашуу, Өтмөктө жолду кардан тазалоо иши жүрүп жатат

Бишкек-Ош жолундагы кар тазалоо иштери. (Архив)

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек-Ош жолунун 132-146-чакырымында, Төө-Ашуу ашуусунун эки тарабына түшкөн карды тазалоо жана кум себүү иши жүрүп жатканын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы ушундай эле иш Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда да жүрүп жатканын кабарлады. Зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууга айдоочуларды чакырды. Автоунаанын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырууну, күрөк, чынжыр, тамак-аш жана дары-дармек ала жүрүүнү сунуштады.

Синоптиктер жакынкы күндөрү өлкөнүн бардык аймактарында жаан, кар жаашы күтүлүп жатканын, тоолордо жолдор тайгак болорун маалымдаган.

15-16-октябрда Төө-Ашууда кар жаап, жол тайгак болгондуктан, жол тыгыны жаралган. Мындан улам ашууда 1000ге жакын машине токтоп калган.

ӨКМ оор жүк ташыган автоунаалар жолго жайкы дөңгөлөк менен чыгып алгандыктан, жол тыгыны пайда болгонун билдирген. (ZKo)

Дагы караңыз

Эркти сынаган “Кемпир-Абад иши” Молдова: Санду менен Стояногло теледебатка чыгатНоокаттык ютуберге кылмыш иши козголдуКүрөш боюнча дүйнө чемпионаты: Раззак Бейшекеев чемпион болду Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаайтОрусия Крымда украиндердин дрондору жана кайыктары жок кылынганын билдирди