Орусия Крымда украиндердин дрондору жана кайыктары жок кылынганын билдирди

Согуштук моторлуу кайык. Украина.

Орусиянын абадан коргонуу системалары украин тараптан учурулган 14 согуштук дрон атып түшүрүлгөнүн 23-октябрда орус Коргоо министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, учкучсуз учактардын ону аннексияланган Крымдын аймагында жок кылынды.

Мындан тышкары "Кара деңиз флотунун авиациясы Крым жарым аралын көздөй Кара деңиз акваториясы аркылуу бараткан украиналык төрт учкучсуз моторлуу кайыкты жок кылды", — деп айтылды министрликтин Telegram каналындагы маалыматта.

Ал эми Ростов облусунда, аймактын бышчысы Василий Голубев билдиргендей, Украинанын төрт дрону жок кылынды.

Бир күн мурда Орусиянын аймагында үч спиртзавод бутага алынганын Украинанын Куралдуу күчтөрү маалымдаган. (RK)

Дагы караңыз

Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты: Раззак Бейшекеев чемпион болду Ноокаттык ютуберге кылмыш иши козголдуБРИКС+ саммити: Кыргызстан кандай кадам таштайт? Депутат Акаев: Маданият министрлигине соттун укугу берилбеши керек