Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаайт

Ала-Арча жаратылыш паркы.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 24-октябрга караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, Талас облусунда жаан-чачын болбойт. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаап, түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлеринде туман түшөт.

Күндүз Ош облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар , Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 6…11;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 5…10;

Баткен облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4…9, күндуз 15…20;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13.

Бишкек шаарында жаан жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 8…10° жылуу болот.

Дагы караңыз

Депутат Акаев: Маданият министрлигине соттун укугу берилбеши керекБекешев жалган жалаа үчүн жоопко тартуу мыйзамы "чиновниктерге иштей турганын" айттыKFCде ызы-чуу чыгарууга шектелген төрт жаран 20-декабрга чейин камалдыКүрөш боюнча дүйнө чемпионаты: Раззак Бейшекеев чемпион болду