Жалаа жабуу, мазактоого айып салган долбоор биринчи окуудан өттү

Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив.

Жогорку Кеңеш интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун 23-октябрда карап, биринчи окууда жактырды.

Документти 63 депутат колдоп, алтоо каршы болду.

Айрым депутаттар жалаа жабуу жана мазактоо боюнча чара көрүү укугун Ички иштер министрлигине берүүнү, чечимди сот кабыл ала тургандай өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу мыйзам кабыл алынса, мекеменин алкагында 11 кызматкери болгон бөлүм түзүлө турганын маалымдады. Анда бир директор жана анын орун басары, тогуз эксперт болот.

Бир катар депутаттар мындай укуктун министрликке берилишин сындап, сунушталып жаткан айып пулдун көлөмү көп экенин айтышты.

Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун Министрлер кабинети сунуштап, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты жана Юстиция министрлиги иштеп чыккан. Аталган мыйзам долбоору кабыл алынса, жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта, сайттын баракчасында социалдык тармактарды колдонуу менен жалган маалыматтарды таратууга тыюу салынат.

Жалган кабарларды же пост, комментарийлерди жазган колдонуучулар 100 миң сом, андай маалымат чыгарган медиалар 200 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилет. Демилгечилер Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүүгө маалымат каражаттары жана интернет-ресурстар аркылуу мазактоо жана кемсинтүү учурлары көбөйгөнүн жүйө келтирип жатат.

Жарандык коом жана бир катар эл аралык уюмдар сөз эркиндигин чектейт деп, анын кабыл алынышына каршылыгын билдиришүүдө. (TAb)

Дагы караңыз

Бекешев жалган жалаа үчүн жоопко тартуу мыйзамы "чиновниктерге иштей турганын" айттыKFCде ызы-чуу чыгарууга шектелген төрт жаран 20-декабрга чейин камалдыБишкекте футбол академиясы жана машыгуу базасы ачылдыКүрөш боюнча дүйнө чемпионаты: Раззак Бейшекеев чемпион болду