Ноокаттык ютуберге кылмыш иши козголду

Ютубдагы "За правду" баракчасынын ээси А. К. аттуу жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык башаламандыктар) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.

Маалыматка ылайык, кылмыш иши анын Ютубдагы баракчасына жарыяланган видеоматериалга жүргүзүлгөн соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык козголгон.

"5-июль күнү Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын тургундары чогулушуп, «ЮКЦ» цемент заводуна барышкан. Ал жерде чет элдик инвесторлордун иш алып баруусуна тоскоолдук жаратып, мурда иштеп кеткен К.А. аттуу жаранды кайрадан «ЮКЦ» цемент заводуна жумушка алууну талап кылышып, бейбаштык кылышкан", деп жазылган маалыматта.

А. К. кылмышка шектүү катары 22-октябрь күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда ыкчам-тергөө амалдары уланып жатат.

Ош ОИИБ тараткан маалыматта айтылып жаткан А. К. аттуу жаран "За правду" деп аталган ютуб баракчасынын ээси - Азамат Карабаев экени соцтармактарда жазылды. Иликтөөчү журналист Болот Темиров ютубер жаңы курулган Ош-Ноокат жолунун бузула баштаганын интернетке чыгаргандан кийин 48 саатка камалганы тууралуу жазган. Ютуберди кармоо учуру тартылган видеону Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырды.


Ютубердин апасы "Азаттыкка" милиция кызматкерлери Ош шаарындагы үйүн тинтүүгө алышканын жана уулун "ЮКЦ цемент завод тууралуу видеоматериал боюнча кармап жатышканын" айтышканын билдирди.

Кыргызстанда 2023-жылы биринчи соттук инстанцияларда Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("массалык башаламандыкка"), 327-беренеси ("бийликти күч менен басып алууга") жана 330-беренеси ("кастыктын түрлөрүн козутууга чакырган") боюнча 19 кылмыш иши каралган. 30 адам соттолгон.

2024-жылдын биринчи жарымында биринчи бутактагы сотторго жогорудагы беренелер менен 71 кылмыш иши түшкөн. Анын ичинен 40 иш каралып бүтүп, 28 адам соттолду, 22 адам акталды. Булардын басымдуу бөлүгү журналисттер, блогерлер жана активисттер. (DSh/ZKo)

Дагы караңыз

"Сот катары жооп беришет". Илимдер академиясынын эксперттерине сынОң рулдуу автоунааларды мыйзамдаштыруу маселеси көтөрүлдүСуданда кыйраган учактын Кыргызстан менен байланышы кандай? БУУ: Согуш Палестинанын өнүгүүсүн 1955-жылдагы деңгээлге түшүрдү