Bloomberg: Орусиянын көмүскө флотунун танкерлерин Кыргызстандагы фирмалар камсыздандырган

Орусиянын мунай танкери. Иллюстрация

Орусиянын көмүскө флотунун танкерлери санкциялар киргизилген орусиялык компаниялар жана Кыргызстан менен Камерундун фирмалары тарабынан камсыздандырылган. Бул тууралуу Bloomberg агенттигинин 22-октябрда жарыяланган материалында айтылат. Danwatch бейөкмөт уюму менен жүргүзгөн биргелешкен иликтөөдө журналисттер Эстония бийлиги чогулткан маалыматтар менен таанышып, талдаган жана камсыздандыруу тармагындагы адистер менен маектешкен.

Маалыматка караганда, быйыл июль-август айларында Эстониянын мамлекеттик органдары орус мунайын ташыган 15 чакты танкердин камсыздандыруу кагаздарын текшерип чыкканда алардын 20-25% орусиялык компаниялар тарабынан камсыздандырылганы ачыкка чыккан. Андан тышкары Кыргызстан жана Камерун бери дегенде эки танкерден камсыздандырганы аныкталды.

Орусия Украинага басып киргенге чейин орусиялык мунай танкерлеринин көбүн "Залаканын ордун толтуруу жана коргоо боюнча эл аралык клубга" (International Group of Protection & Indemnity Clubs) кирген Батыштагы компаниялар камсыздандырчу. Эми “Чоң Жетиге” кирген өлкөлөрдөгү компаниялар аны мунай Орусиядан 60 доллардан арзан алынган деген кепилдик катынын негизинде гана кыла алышат.

Иликтөөчүлөр Орусия «дос эмес» деп эсептеген өлкөнүн жээгинде кырсык катталса, анда эмне болот деген собол коюшат. Журналисттер европалык өлкөлөр санкциялардын айынан экологиялык тобокелдикке учураганын, жазалоочу чаралар көптөгөн танкерлерди көмүскө иш алып барууга түрткөнүн эске салышат.

Bloomberg белгилегендей, Орусиянын айрым камсыздандыруучу компаниялары жана банктары журналисттердин суроолоруна жооп берген жок.

Ал эми Орусиянын расмий адамдары Эл аралык Деңиз уюмуна “көмүскө флоттун пайда болушу үчүн Москва эмес, Батыш жооптуу” деген жооп кайтарды.

Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий Бишкек Украинадагы согушка байланыштуу АКШ жана Европа өлкөлөрү Орусияга салган экономикалык санкциялардын талабын сактоого даяр экенин айткан.

Ал эми президент Садыр Жапаров Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган санкцияны кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деп айтууга негиз жок экенин билдирген.

Дагы караңыз

Эртабылды Сулайманов – кыргыздын мээнеткеч этнографы Орусиянын күнү түндүк кореялык аскерлерге түштүбү? Суданда кыйраган учактын Кыргызстан менен байланышы кандай? Суданда атып түшүрүлгөн учак, "Манас" аэропортунун түшүндүрмөсү