Эркти сынаган “Кемпир-Абад иши”

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

2022-жылдын 23-октябрында Кемпир-Абадды коргоо комитетин түзүүнү демилгелеп, Бишкекте чогулган отузга жакын саясатчы, активист “бийликти күч менен басып алууга” айыпталып, камакка алынган. Айыпталгандардын алды жарым жылдан бир жылга дейре абакта жатты. Быйыл 14-июнда сот айыпталгандарды толук актады. Бул чечим дээрлик эки жылга созулган “Кемпир-Абад ишине” чекит койгондой болду. Айыпталгандар абактан бошотулуп, үй-бүлөлөрүнө кайтканы менен өткөндөн калган жараат толук айыга элек. “Кемпир-Абад иши” менен камалган 27 активисттин бири Эрлан Бекчоро уулу жубайы Шаршегүл Аманова экөө “Азаттыкка” маек куруп, сыноо менен коштолгон соңку эки жылды эскеришти.

2022-жылдын 23-октябрында Кемпир-Абадды коргоо комитетин түзүүнү демилгелеп, Бишкекте чогулган отузга жакын саясатчы, активист “бийликти күч менен басып алууга” айыпталып, камакка алынган. Айыпталгандардын алды жарым жылдан бир жылга дейре абакта жатты.
Быйыл 14-июнда сот айыпталгандарды толук актады. Бул чечим дээрлик эки жылга созулган “Кемпир-Абад ишине” чекит койгондой болду. Айыпталгандар абактан бошотулуп, үй-бүлөлөрүнө кайтканы менен өткөндөн калган жараат толук айыга элек. “Кемпир-Абад иши” менен камалган 27 активисттин бири Эрлан Бекчоро уулу жубайы Шаршегүл Аманова экөө “Азаттыкка” маек куруп, сыноо менен коштолгон соңку эки жылды эскеришти.