Суданда кыйраган учактын Кыргызстан менен байланышы кандай?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Манас” аэропорту Суданда атып түшүрүлгөн Ил-76 жүк ташуучу учагынан табылган Виктор Гранов аттуу орус жаранына берилген мекеменин күбөлүгү (тархетка) боюнча түшүндүрмө берди. Жарандык авиация агенттиги кыйраган учак Кыргызстандын аба кемелеринин реестринен жыл башында чыгарылганын билдирди.