Президент Жапаров Казанда БРИКСтин саммитине катышат

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров БРИКС уюмунун XVI саммитине катышуу үчүн Казанга барат. Бул тууралуу президентик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Ал жыйында көп тараптуулукту чыңдоо, бирикменин жаңы мүчөлөрүн интеграциялоо жана глобалдык маселелерге багытталган чечимдер кабыл алынарын белгилеген.

Орусиянын карамагындагы Татарстан Республикасынын борбор калаасы Казанда 22-24-октябрда БРИКС уюмунун саммити өтөт. Ага 33 өлкөдөн расмий делегация катышат. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш да барат.

Орусия быйыл БРИКСке төрагалык кылууда. Бул эл аралык блок Кремлдин демилгеси менен 2006-жылы Бразилия, Орусия, Индия жана Кытайдын катышуусунда түзүлгөн. Азыр анын курамында тогуз мамлекет бар – Бразилия, Орусия, Индия, Кытай, Түштүк Африка Республикасы, Египет, Эфиопия, Иран жана Бириккен Араб Эмирликтери.

Казан саммитинде Тайланддын уюмга кириши күтүлүп жатат. (RK)

Дагы караңыз

Пхеньян Орусияга аскер жөнөткөнү тууралуу маалыматты "жүйөсүз" деп атадыЛиван оорукананын жанында өлгөндөр 13кө жеткенин билдирдиСадыр Жапаров тышкы саясат жана экономикадагы милдеттерди атады"Мунай ташуучулар" күйүүчү майды маркалоо иши даярдыксыз башталганын билдирди "Манас” аэропорту Судандагы учак кырсыгына байланыштуу комментарий берди